19.03.20
19.03.20
Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) $6,5 миллиард доллар өлчөмүндө, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө коронавирус (COVID-19) пандемиясы менен күрөшүүгө жардам берүүнү караштырып жатат.

Жардам бере турган өлкөлөрдүн ичинде Тажикстан дагы бар. Бул тууралуу, бейшемби күнү Тажик телеграф агенттиги (ТажикТА) жазып чыкты.
Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масацугу Асакава: “Бөлүнүп жаткан $6,5 миллиард доллар каражатынан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) кырдаалга жараша финансылык жардам жана саясий маселелер боюнча сунуштарды берүүгө даяр", - деп билдирди.
Жогорудагы бөлүнгөн сумманын $3,6 миллиард доллары саламаттыкты сактоо, коронавирус (COVID-19) пандемиянын кесепеттерин жоюга жана экономиканы колдоого коротулмакчы.
Ал эми, $ 1,6 миллиард доллар болсо, чакан, орто ишканаларды жана соода тармагын колдоого жумшалат. Мындан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жана кошумча чыгымдарды каржылоо үчүн $1 миллиард доллар бөлүүнү көздөйт.
2020-жылдын 7-февраль күнү, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) коронавирус (COVID-19) пандемиясы менен күрөшүү үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө алгачкы жардам берген күндөн бери, бул мамлекеттердин кечиктирилгис муктаждыктарын канааттандыруу үчүн $225 миллион доллардан ашык каражат бөлүп берген.
Эскерте кетсек, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Тажикстан менен 1998-жылдан бери кызматташып келет. Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Борбордук Азия аймактык экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) алкагында аймактагы энергетикалык саясат жана энергетикалык соода долбоорлорду иштеп чыгууда, транспорттук коридорлорду калыбына келтирүү жана сооданы өнүктүрүүдө активдүү катышып келет.

https://tajikta.tj/ru/news/tadzhikistan-kak-regionalnyy-chlen-abr-mozhet-rasschityvat-na-dolyu-ot-6-5-mlrd-pomoshchi-na-borbu-s