23.03.20
Тажикстан Республикасынын Согдий облусуна караштуу Гулистан шаарында "Мурги аълосифат" ири канаттуулар фабрикасы 22-март күнү ачылган болчу. Бул тоок фабрикасы, жылына 1000 тоннага чейин тоок этин өндүрмөкчү.

Фабриканын ачылышына өлкө башчысы Эмомали Рахмон дагы катышты. Бул тууралуу, “CentralAsia.news” маалымат сайтына Тажикстан президентинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тажикстандагы "Мурги аълосифат" канаттуулар фабрикасы өлкөнү индустриялык өнүккөн мамлекетке айлантуу үчүн түзүлгөн, төртүнчү улуттук стратегияны ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн. Ишкананын курулушу, Тажикстандын президентинин тапшырмасы менен башталган болучу.
Фабрика төрт бөлүктөн туруп, ал жерде бир эле учурда 70 000 чейин тоок багууга болот. Имарат зарыл болгон бардык заманбап жабдуулар менен жабдылган. Фабриканын кубаттуулугу жылына 1000 тонна эт өндүрүүгө ылайыкташтырылган. Фабрикада тооктун 5 түрү багылат. Компаниянын жетекчилиги белгилегендей, 40 күндүн ичинде бройлер тоокторунун салмагы 2 - 2,5 килограммга чейин жетет.
"Мурги аълосифат" тоок фабрикасынын өкүлдөрүнүн айтымында, учурда мекемеде 50 адам иштейт. Күз айларынын башында кызматкерлердин санын 120 адамга көбөйтүү пландалууда.
Президент канаттуулар фабрикасынын жасап жаткан ишине жакшы баа берди. Ошондой эле ал жетекчиликке диеталык эттин көлөмүн көбөйтүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу колдонуу тапшырмасын берди.

https://centralasia.news/6358-novaja-pticefabrika-v-tadzhikistane-budet-proizvodit-1000-tonn-mjasa-v-god.html