07.04.20
2019-жылы Түркиянын Тажикстанга жасаган түз инвестициясынын көлөмү 13,5 миллион долларды түзгөн. Мындан тышкары, Тажикстанда ачылган Түркиялык ишканалардын саны дагы арткан. Бул тууралуу, "Авеста" маалымат агенттиги жазып чыкты.

Тажикстан Республикасынын Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Тажикстанга Түркиядан келген тикелей инвестициянын көлөмү 13,5 миллион долларды түзгөн.
Жалпы бүгүнкү күнгө чейин, Тажикстандын экономикасына жасалган Түркиянын тикелей инвестициясынын көлөмү 213 миллион доллардан ашуун болгон. Бул каражаттар, алкоголсуз суусундуктар, жыгачтан жасалган эмеректер, жүргүнчүлөрдү ташыган автобустарды чогултуучу жана башка көптөгөн ишканаларды куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга жумшалган.
Учурда Тажикстанда токсонго жакын Түркиялык компаниялар иштеп жатышат.
Эскерте кетсек, келечекте Түркия жана Тажикстан биргелешкен бир нече ишканаларды курууну пландаштырып жатышат. Анын ичинде, курулуш тармагында иш алып барган ишканаларды түзүүгө басым жасалмакчы. Тагыраак айтканда, көп кабаттуу үйлөрдүн лифттерин чыгаруучу заводдун ишке кириши күтүлүүдө. Долбоордун суммасы көлөмү 500 миң долларды түзөт.
Мындан тышкары, Түркиялык инвесторлор Душанбе шаарында, жогорку сапаттагы стекловолокнодон жасалган суу өткөрүүчү трубаларды өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана ачууну караштырып жатышат.

http://kabar.kg/news/ob-em-priamykh-turetckikh-investitcii-v-tadzhikskuiu-ekonomiku-v-2019-godu-sostavil-13-5-mln/