14.04.20

Европа Биримдиги (ЕБ)  Тажикстанга коронавирус (COVID-19) илдетине каршы (азырынча өлкөдө официалдуу түрдө бул илдет каттала элек)  күрөшүү  үчүн €48 миллион евро бөлүүгө ниеттенип жатат  деп билдирет "Азия Плюс" маалымат агенттиги.

Бул тууралуу, Европа Биримдигинин (ЕБ) Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Джозефсон 13-апрель күнү Тажикстандын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушуу учурунда билдирген.

Жолугушууда, Тажикстан менен Европа Биримдигинин (ЕБ) ортосундагы көп тараптуу кызматташуу, анын ичинде өлкөдө коронавирустун (COVID-19) жайылышын болтурбоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы маселелери жана келечеги талкууланды.

Эскерте кетсек, Буга чейин, Тажикстанда коронавирус (COVID-19) эпидемиясына каршы гуманитардык жардамдамдарды кабыл алуу үчүн  атайын  эсеп ачылган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта: «Эсепке келип түшкөн каражаттар, санитардык абалды жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууга, ошондой эле калктын ден-соолугун сактоого жумшалат. Эл аралык уюмдардын, кайрымдуулук фонддордун,  жеке адамдардын жана ишкерлердин жардамын  кабыл алууга даярбыз» - деп айтылат.

http://kabar.kg/news/es-nameren-predostavit-tadzhikistanu-48-mln-evro-dlia-profilaktiki-koronavirusa/