CA-NEWS (TJ) - Келерки жылы Рогун ГЭСинин курулушу үчүн  бардык булактардын каржылык көлөмүн  34 млн долларга өстүрүү пландалууда. Үстүбүздөгү жылы бул объекттин курулушуна 533 млн доллар багытталган  эле.

"2017-жылы Рогун ГЭСинин куруу боюнча бардык каржылык булактардан 533 миллион доллар корогон. 2018-жылы бул максат үчүн дээрлик 567 млн доллар каралууда​", - деп 22-декабрь жума күнү Тажикстандын президенти парламентке жасаган кайрылуусунда билдирди.

Буга чейин, Финансы министрлиги мамлекеттик бюджеттен Рогунду аяктоо үчүн 2017-жылы 215 млн долларга жакын каражат  сарпталганын белгилеген. 2016-жылы Рогундун курулушун ишке киргизүү үчүн ушул эле өлчөмдөгү бюджетик каражат   сарпталган.

2016-жылдын октябрынан тарта  Рогун объектилерин куруу иштери менен  италиялык Salini Impregilo компаниясы алектенүүдө.  Станциянын биринчи агрегаты 2018-жылдын аягында, ал эми экинчиси 2019-жылы эксплуатацияга берилери күтүүлүдө деп билдирет АП.

Жалпысынан алганда, Рогун ГЭСин бүтүрүү  үчүн алдын-ала маалыматтар боюнча,  болжол менен 4 миллиард  доллар керектелет. Станцияга ар биринин кубаттуулугу 600 MВт алты агрегат орнотуу пландалып жатат.

Станция дамбасынын бийиктиги 335 метрден туруп, дүйнөдөгү эң бийик таш-чопо дамба болмокчу. Бул ГЭС жыл сайын саатына  17 миллиард киловатт электр энергиясын иштеп чыгарат. Бул  Нурек ГЭСинин жылдык иштеп чыгаруусунан бир жарым эсеге көп.