08.05.20

8-апрель күнү, Өзбекстандын Коргоо министрлигинин аскердик-транспорттук учагы Тажикстанга гуманитардык жардам жеткирген. Бул тууралуу, Тажик Телеграф агенттиги (ТажикТА) жума күнү билдирди.

Өзбекстандын Тажикстандагы  элчилиги тараткан маалыматта: “Өзбекстандын  президенти Шавкат Мирзиёевдин буйругунун негизинде, Ташкент шаарынан Душанбе шаарына аскердик транспорт учагы 10 даана, өпкөнү жасалма дем алдыруучу жабдыктар, дары-дармектер, медициналык коргоочу халаттар, мээлейлер жана респираторлордук каражаттарды жеткирип берди. Ошондой эле, Өзбекстандан сегиз врач коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө жардам бермек үчүн Тажикстанга учуп келишкен. Алардын ичинде, вирусологдор, эпидемиологдор жана коронавируска каршы күрөшүүдө тажрыйбасы бар анестезиологдор дагы бар” - деп белгиленет билдирүүдө.

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө коронавирустук инфекциянын 82 жаңы учуру катталган. Ошентип, жалпы оорууну жуктургандардын саны 7-майга карата 461 адамды түзгөн.

https://uztag.info/ru/news/uzbekistan-otpravil-v-tadzhikistan-gumanitarnuyu-pomoshch