12.05.20

Коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө, Иран Тажикстанга гуманитардык жардамдын биринчи партиясын жөнөттү. Ирандын Тажикстан Республикасындагы элчилигинин маалыматы боюнча, атайын рейс менен Мешхед шаарынан Душанбе шаарына, салмагы 6 тонна болгон гуманитардык жүк жеткирилген. Бул тууралуу, Авеста маалымат агенттиги билдирди.

Келген  гуманитардык жардамдын ичинде, дары-дармектер, медициналык кийимдер, маскалар, жеке коргонуучу каражаттары бар.

Маалыматка ылайык, бул гуманитардык жардамдын биринчи гана партиясы болуп эсептелет. Жакынкы аралыкта, Иран Тажикстанга  дагы бир нече гуманитардык жардамын жиберүүсү күтүлүүдө.

http://kabar.kg/news/iran-napravil-v-tadzhikistan-gumanitarnuiu-pomoshch/