14.05.20

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТİKA) Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жайгашкан өкүлчүлүгү тарабынан, муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана коргоочу гигиеналык  каражаттардан турган гуманитардык жардам көрсөткөнү маалым болду.

Бул тууралуу маалымат, Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТİKA)  “Tika.gov.tr” расмий сайтында жарыяланган болучу. Билдирүүдө айтылгандай, Тажикстанда коронавирус (COVID-19) эпидемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында, муктаж болгон 1000 үй-бүлөгө азык-түлүк жана коргоочу гигиеналык  каражаттардан турган гуманитардык жардам берилген.

Гуманитардык жардам Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коопсуздук министрлигине өткөрүлүп берилди.

Эпидемияга каршы күрөштө, социалдык абалы начарлаган үй-бүлөлөргө, Түркиянын атынан колдоо көрсөтүү долбоорунун алкагында, 13 түрдүү негизги азык-түлүктөр, коргоочу маскалар, тазалоочу каражаттардан турган жардам пакеттери даярдалган.

Маалыматтарга караганда, Рудаки, Хисар, Файзобад, Варзоб жана Шахринав райондорунда жашаган 1000 жакын үй-бүлөлөргө жардам пакеттери Тажикстандын Мамлекеттик социалдык камсыздоо агенттиги менен биргеликте таратылып берилген.

Ошондой эле, 9-май Тажикстанда майрам күнү болгондуктан, жардам берүү долбоорунун алкагында, 90 жаштан ашкан согуштун 26 ардагерине, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТİKA)  тарабынан даярдалган азык-түлүк салынган жардам пакеттери таратылып берилген.

https://www.tika.gov.tr/tr/haber/tika%27dan_tacikistan%27in_kovid19_ile_mucadelesinde_ihtiyac_sahibi_ailelere_destek-57285