15.05.20

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 15-май күнү Тоолуу Бадахшан облусуна жарым миллион долларга бааланган материалдык жардам жөнөтүү чечимин кабыл алган. Жардам негизинен коронавирус (COVID-19) илдети менен ооруган бейтаптар жана дарыгерлерди колдоого багытталат. Бул тууралуу, «Голос СНГ» радиосу кабарлаган.

Жалпысынан аймакка азык-түлүк жүктөлгөн 45 жүк ташуучу унаа жөнөтүлөт. Жиберилген азык-түлүктөрдүн ичинде ун, күрүч, картошка, кант сыяктуу азыктар бар. Мындан тышкары, жугуштуу ооруларды дарылоочу дары-дармектер Тоолуу Бадахшандын 8 шаарына жана райондоруна  жеткирилип берилмекчи.

Социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүү максатында, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тарабынан белек катары тез жардам унаасы аймактын борбордук ооруканасына берилди. Медицина кызматкерлери үчүн коргоочу маскалар,  кол каптар дагы жеткирилип берилди. Мындан тышкары, ооруканаларга жетишпеген медициналык жабдыктар дагы  сатылып алынмакчы.

https://sng.fm/13828-rahmon-otpravit-v-gornyj-badahshan-produkty-i-lekarstva-na-polmilliona-dollarov.html