15.05.20

Тажикстанда ушул жылдын төрт айында 61 жаңы ишкана иштеп баштады. Бул тууралуу, жума күнү Тажик телеграф агенттиги (ТажикТА) жазып чыкты.

Тажикстандын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигинин басма сөз кызматы: “Төрт айдын ичинде 61 жаңы ишкана ишке киргизилип, 980 адам жумуш менен камсыз болгон. Бул ишканалардын жыйырмадан ашыгы Согдий облусуна туура келет. Хатлон облусунда  19 ишкана, борбор калаада 10  жаңы ишкана иштеп баштады. Ушул жылдын январь, апрель айларында жаңы ишканалар 203 миллион сомони (19,7 миллион доллар) көлөмүндө продукция өндүрүштү” - деп билдирет маалыматта.

Жалпысынан, Өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын май айынын башталышына карата республикада 2 миң 204 өнөр жай ишканасы катталган. Бул көрсөткүч, 2019-жылдын январь-апрель айларына караганда 7% пайызга же 143 ишканага көптүк кылат.

https://tajikta.tj/ru/news/v-tadzhikistane-za-4-mesyatsa-zarabotalo-61-novoe-predpriyatie