20.05.20

Тажикстан Өзбекстандын Сардоба суу сактагычынын жарылуусунан жапа чеккен аймактарына  гуманитардык жардам көрсөттү.

20-май күнү аталган аймакка, Тажикстандын өкмөтүнөн жардам келип түшкөн. Бул тууралуу Тажикстандын «Ховар»  улуттук маалымат агенттиги, Согди облусунун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Гуманитардык жардамды, Тажикстан өкмөтүнүн өкүлдөрү, Согди облусунун администрация кызматкерлери жана “Захирахои моддии Сугд” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү тарабынан, Өзбекстандын Сырдарыя облусунун жетекчилигине өткөрүлүп берилди.

51 даана вагондон турган жардамдын ичинде, курулуш материалдары цемент, шифер, боёк, мыктар жана башка керектүү буюмдар бар.

Достук жардамы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга багытталат.

Эскерте кетсек, 1-май күнү таңында, Өзбекстандын батышында жайгашкан Сардоба суу сактагычынын дамбасы жарылып, аймактагы бир нече айылды суу каптаган. 70 миңге жакын тургун коопсуз жайга эвакуацияланган. Плотинадан чыккан суу коңшу Казакстандын аймагындагы турак жайларга, айдоо жерлерине  каптаган.

https://centralasia.media/news:1619617