01.06.20

2020-жылдын биринчи кварталында, Тажикстандагы жеке байланыш операторлорунун кирешелери 13,2% пайызга жогорулаган. Бул тууралуу, Авеста маалымат агенттиги  жазып чыкты.

Бул мезгилдин ичинде, жеке операторлор 614 миллион сомони (60 миллион доллары) киреше тапкан, бул 2019-жылдын биринчи кварталына караганда 72 миллион сомониге көпттүк кылат.

Улуттук телекоммуникациялык оператордун (Тажиктелеком), “Почтаи Точик” мамлекеттик ишканасынын жана Байланыш кызматынын бөлүмдөрүнүн кирешелери 8,5% пайызга жогорулап, өткөн жылдын январь-март айларындагы 40 миллион сомони болгон болсо,  быйыл ал көрсөткүч 43,4 миллион сомониге чейин жеткен.

Учурда Тажикстанда, байланыш кызматтары рыногундагы жеке операторлордун үлүшү 93,4% пайызды түзөт.

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата, Тажикстанда интернет колдонуучуларынын саны 3,2 миллионго адамга жакын болуп, ал эми мобилдик байланышты колдонуучулардын саны дээрлик 6,1 миллион адамды түзгөн. Алардын ичинен 5,3 миллион адам активдүү абоненттер болуп саналат.

Республиканын мобилдик байланыш рыногунда төрт ири оператор негизги орунду ээлеп  турат. Аларга: ЖАК «Индиго Таджикистан» (Tcell), ЖАК «TT-Mobile» (MegaFon Тажикстан), ЖАК «Вавилон Мобил» жана ЖЧК «Таком» (ZetMobile, мурунку Beeline).

http://kabar.kg/news/v-tadzhikistane-dokhody-chastnykh-operatorov-sviazi-vyrosli-na-13-2/