22.06.20

Тажикстандын негизги экспорттук өнөктөштөрү Швейцария, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Афганистан өлкөлөрү болуп саналат. Бул тууралуу, "Авеста" маалымат агенттиги Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин билдирүүсүнө таянып  жазып чыкты.

Тажикстан экспортко чыгарган жалпы товардын 50,8% пайызын Швейцария сатып алат. Ал эми, Түркия 15,4% пайыздык көрсөткүч менен экинчи оруну ээлейт. Бул өлкөлөргө түстүү металлургия продукциялары, алюминий жана пахта буласы экспорттолот.

Жалпысынан үстүбүздөгү 2020-жылдын январь-май айларында, Швейцарияга экспорттолгон товарлардын көлөмү 303,7 миллион  доллардан ашкан.

 Түркия менен 2020-жылдын январь-май айларында, жалпы сооданын көлөмү 140,5 миллион доллардан ашкан. Анын ичинен 92 миллион доллардан ашыгын экспорт түзгөн болсо, 48,4 миллион доллар  импорттун үлүшүнө туура келет.

Ал эми, жалпы соода жүгүртүүдө Россия  биринчи орунда турат. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында, Тажикстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү 420,9 миллион долларды түзгөн. Тажикстандын чет өлкөлөргө экспорттогон негизги товарларына алюминий, пахта буласы, баалуу металлдар жана кургатылган жемиштер кирет.

Тажикстанга товарларын импорттогон өлкөлөргө Россия (импорттун жалпы көлөмүнүн 31,9% пайызын түзөт), Казакстан (импорттун жалпы көлөмүнүн 24,7% пайызын түзөт) жана Кытай (импорттун жалпы көлөмүнүн 13,7% пайызын түзөт).

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Тажикстан 598,4 миллион долларга чет өлкөлөргө товарларын экспорттогон. Ал эми, 1 миллиард 273,5 миллион долларга товар импорттоп алган.

https://centralasia.media/news:1627003