24.06.20

Тажикстан ушул жылдын башынан бери кымбат баалуу металл жана жарым кымбат баалуу таштардын экспортун көбөйткөн.

Тажикстан Республикасынын Статистика агенттигинин берген маалыматы боюнча, кымбат баалуу металл жана жарым кымбат баалуу таштарды экспорттоо 7 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу, «Авеста»  маалымат агенттиги жазып чыкты.

Баалуу таштар жана металлдардын экспортунан 2020-жылы, 303,8 миллион доллардан ашык акча каражаты өлкөнүн казынасына келип түшкөн. Бул көрсөткүч, өткөн 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 260,5 миллион долларга көптүк кылат.

Башкача айтканда, бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырганда 7 эсеге көптүк кылат.

Тажикстан Республикасынын Статистика агенттиги  кымбат баалуу металл жана жарым кымбат баалуу таштардын кайсы өлкөлөргө экспорттолуп жаткандыгы жөнүндө маалымдаган эмес.

Ошол эле учурда статистика боюнча, Тажикстан менен Швейцариянын ортосундагы товар жүгүртүү ушул жылдын алгачкы беш айында (6,2 эсеге көбөйгөн) 306,2 миллион доллардан ашкан болучу. Бул сумманын 303,7 миллион долларынан ашыгы Тажикстандын Швейцарияга жасаган экспортунун үлүшүнө туура келет.

http://kabar.kg/news/tadzhikistan-v-7-raz-uvelichil-eksport-dragmetallov-i-kamnei/