18.09.20

Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддинович Аслов 2020-жылдын 17-сентябрь күнү, Афганистандын Тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмарды кабыл алды. Жолугушуунун негизги маселеси эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланышты өнүктүрүү болду. Тараптар өзгөчө Пяндж (эки өлкөнүн чек арасында жайгашкан) дарыясына темир жол көпүрөсүн курууну талкуулашты. Бул тууралуу,  Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сироджиддин Аслов Тажикстан тарап, келечекте ишке бериле турган “Кыргызстан-Тажикстан-Афганистан-Иран” (KTAI) (Ирандын түштүк аймактарында жайгашкан порттордон, Борбордук Азия өлкөлөрүнө товарларды кыска жолдор менен аз убакыттын ичинде жеткирүү үчүн Ирандын демилгеси менен түзүлгөн). Транзиттик коридорунун эффективдүү иштешине  баардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө даяр экендигин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакынкы убактарда Пяндж дарыясы аркылуу өтүүчү темир жол көпүрөсүнүн курулуш иштери баштала тургандыгын билдиришти. Бул көпүрө “Тажикстан-ИРА-Иран” жана “Түндүк-Түштүк” транспорттук коридор долбоорунун бир  бөлүгү болуп саналат.

Көрүшмөнүн алкагында, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери   “Жалолиддин Руми-Төмөнкү Пяндж” темир жол долбоорун дагы талкууга алышты.

Мындан тышкары, Тажикстан Афганистанга болгон электр энергиясынын экспортун көбөйтүүнү көздөп жаткандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, 21-август күнү, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Мухаммад Ашраф Ганинин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп өткөн. Алар энергетика жана коопсуздук маселелерин талкуулашкан болучу.

https://centralasia.news/7551-dushanbe-i-kabul-objavili-o-nachale-stroitelstva-zh-d-mosta-cherez-pjandzh.html