21.09.20

Евро Биримдик (ЕБ) Тажикстанда туризмди өнүктүрүү үчүн жаңы долбоорун  баштагандыгын жарыялады. Бул тууралуу, Евро Биримдик (ЕБ) Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ошондой эле бул долбоор, Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү болгон Кыргызстан жана Өзбекстанга дагы тиешелүү болуп эсептелет. Долбордун жалпы бюжетинин көлөмү, 4 миллион еврону түзөт жана 2023-жылга чейин ишке ашырылмакчы.

Маалыматта белгиленгендей, долбоордо туризмди  өнүктүрүүдөн тышкары, каражаттын бир бөлүгү айыл жерлеринде жайгашкан чакан ишканаларды дагы колдоого жумшалмакчы.

Евро Биримдиктин (ЕБ) Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө: “Тажикстан долбоордун алкагында, туризмге байланышкан ишкердикти өнүктүрүү үчүн жана аймактарда жайгашкан чакан ишканалардын атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүгүн көтөрүү үчүн жардам алат”- деп маалымдалат.

Мындан тышкары, Евро Биримдиктин (ЕБ) өкүлчүлүгү акыркы эки жылда Борбордук Азия өлкөлөрүнө келген туристтердин саны көбөйгөндүгүн билдирген.

https://tj.sputniknews.ru/turizm/20200921/1031932622/Eu-Tajikistan-dva-novykh-proekta-razvitiyu-turizm.html