12.10.20

Тажикстанда 11-октябрь күнү президенттик шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу “avesta.tj” маалымат сайты жазып чыкты.

Эмомали Рахмон шайлоодо 90,9% пайыз шайлоочулардын добушун топтоп, өлкө башчы болуп шайланды. Эмомали Рахмонго 3 миллион 837 миң адам добушун берген.

Тажикстандын президентигине  Рустам Латифзода (Агрардык партия), Абдухалим Гаффорзода (Социалисттик партия), Эмомали Рахмон (Көз карандысыз профсоюздар федерациясы, Жаштар союзу жана Тажикстан элдик демократиялык партиясы), Рустам Рахматзода (Экономикалык реформа партиясы) жана Миродж Абдуллоев (Коммунисттик партия)  өздөрүнүн талапкерлигин көрсөтүшкөн болучу.

Шайлоонун жыйынтыгында, Рустам Латифзода – 127 миң 746 адам же 3,03%, Абдухалим Гаффорзода – 62 миң 835 же 1,49%, Эмомали Рахмон 3 млн 837 миң 927 же 90,9%, Рустам Рахматзода 90 миң 587 же 2,15%, Миродж Абдуллоев – 49 миң 212 же 1,17% шайлоочулар добуштарын беришкен.

Тажикстанда 4 миллион 946 миң 289 шайлоочу катталса, 4 миллион 221 миң 76 адам шайлоого катышкан. Ал жалпы шайлоочулардын 85,3% пайызын түзөт. 

http://kg.kabar.kg/news/tazhikstan-emomali-rakhmon-90-9-toptop-prezidenttik-shailoodo-zhe-ip-chykty/