23.12.20

Казакстан Тажикстанга гуманитардык жардам иретинде, жергиликтүү өндүрүштө өндүрүлгөн 100 даана өпкөнү жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппаратын жиберди.

Бул тууралуу, Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Гуманитардык жардам, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин буйругунун негизинде ишке ашырылууда.

Гуманитардык жүк 22-декабрь күнү  жолго чыккан болучу.

Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Кокчетав-4П өпкөнү жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппараттары, Көкшетау шаарындагы “Тыныс” заводунда өндүрүлөт. Завод айына 500 даана  өпкөнү жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппараттарын чыгарат. Ал эми, бир аппараттын баасы 750 миң теңгени түзөт. Бул аппараттарды тез жардам унааларына дагы орнотсо болот, ал тургай үй шартында дагы  колдонсо болот”- деп айтылат билдирүүдө.

https://eadaily.com/ru/news/2020/12/23/kazahstan-otpravil-v-tadzhikistan-100-mobilnyh-apparatov-ivl