12.01.21

Тажикстандын мамлекеттик бюджетинен 2021-жылы, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө 741 миллион сомониден ашуун (65,5 миллион доллар) акча каражатын  бөлүүнү пландап жатат. Бул тармак, өлкөнүн ички дүң продуктусунун (ИДП)  түзүмүндө алдыңкы орунду ээлейт.

Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылдын 11 айында өлкөнүн бардык категориядагы дыйкан чарбаларында айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү 31 миллиард 49,6 миллион сомонини (2,7 миллиард доллардан ашык) түздү.

Айыл чарба тармагындагы мындай көрсөткүч  2019-жылга салыштырмалуу  8,5% пайызга көптүк кылат. Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгынын өндүрүмүнүн өсүш темпи 7,6% пайыз жана 11,1% пайызды түзгөн.

2020-жылы өлкө боюнча 1,5 миллион тоннадан ашык айыл чарба өсүмдүктөрү өндүрүлгөн.  Анын ичинен 846,5 миң тоннадан ашык буудай, 989,1 миң тоннадан ашык картошка, 404 миң тонна пахта жана айыл чарба продукцияларынын башка түрлөрү дагы бар.

http://avesta.tj/2021/01/12/na-razvitie-selskogo-hozyajstva-iz-gosbyudzheta-planiruetsya-vydelit-65-5-mln/