20.01.21

Тажикстандын Статистикалык институтунун билдирүүсүнө ылайык, 2020-жылы өлкөгө 62 мамлекеттен 56 миллион долларлык гуманитардык жардам келип түшкөн.

Ушул мезгилдин ичинде, өлкөгө жөнөтүлгөн 23 миң тонна гуманитардык жардамдын ичинде, азык-түлүк продуктулары, медициналык дары-дармектер жана башка керектүү буюмдар болгон.

Тажикстанга гуманитардык жардам жиберген өлкөлөрдөн Кытай 41,3 % пайыз,  Өзбекстан 12,3 % пайыз жана Түркия 11,7 % пайыздык үлүшкө ээ болушуп эң көп гуманитардык жардам көрсөткөн өлкөлөрдөн болушту.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Тажикстанга дүйнөнүн 55 өлкөсүнөн жалпы наркы 54,7 миллион долларды түзгөн 18,3 миң тонна гуманитардык жардам келген.

http://tr.kabar.kg/news/turkiye-2020de-tacikistana-en-cok-yard-m-gonderen-ulkeler-aras-nda/