22.01.21

Тажикстан жана Иран “Истиклол” туннелинин курулушун аягына чыгаруу боюнча келишимге кол коюшту. Бул туннель бийик тоолуу Анзоб ашуусунда жайгашкан. Туннель, Тажикстандын борборун өлкөнүн түндүк аймактары менен байланыштырып турат.

Иран маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, документке кол коюуга Тажикстандын Транспорт министри Азим Иброхим, Ирандын Тажикстандагы элчиси Мухаммадтаки Сабери жана Ирандын “Фароб” компаниясынын башчысы Али Вакили катышкан.

Маалым болгондой, келишимге ылайык, туннелдин ичин желдетүү, жарыктандыруу, коопсуздукту көзөмөлдөө жана өрт өчүрүүчү  каражаттарды сатып алуу жана орнотуу иштери жасалат.

Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхимдин айтымында, Анзоб ашуусунда жайгашкан туннелдин курулушу, совет мезгилинде башталган бирок ар кандай себептерден улам бүтпөй калган.

Буга чейин, ар бир тарап өзүнүн курулуш аянтчасындагы иштерди каржылоого 5,5 миллион доллардан инвестиция жумшай тургандыгы айтылган.

Эскерте кетсек, 2003-жылы сентябрь айында “Истиклол” туннелинин курулушу (совет доорунда башталып аягына чыкпай калган) Иранга таандык “Собир” компаниясы тарабынан башталган. Долбоорго Иран 31 миллион доллар бөлүп, анын 10 миллион доллары грант түрүндө, калган 21 миллион доллары насыя катары берилген. Тажикстан өкмөтү 7,8 миллион доллар акча каражатын бөлгөн болучу.

“Истиклол” автоунаалар өтүүчү  туннели Дүйшөмбү жана Худжанд шаарынын ортосунда жайгашкан, анын узундугу 5,2 километрди түзөт. Ал Гиссар тоо кыркаларын кезип өтүү үчүн жана Тажикстандын түндүк жана түштүк аймактарын жылы бою байланыштырып туруу максатында курулган.

https://rus.ozodi.org/a/31062951.html