27.01.21

Тажикстан келечекте коңшулаш Афганистанга жогорку чыңалуудагы жаңы электр чубалгыларын куруу менен электр энергиясынын экспортун көбөйтүүнү пландаштырууда. Тажикстандын энергетика тармагынын тараткан маалыматы боюнча, 2021-жылы “Рогун” гидро электро станциясынан (ГЭС) “Сангтуда” көмөкчү чордонуна чейин 500 киловольт кубаттуулуктагы электр  чубалгыларынын курулушу башталат. Мындай кадам, Тажикстандын электр энергиясын экспорттоонун мүмкүнчүлүктөрүн арттырат.

Азыркы учурда, Тажикстан менен коңшу мамлекеттердин ортосунда, ар кандай чыңалуудагы 13 даана электр чубалгылары бар.

Тажикстан 2020-жылы, Афганистанга болжол менен 1,2-1,3 миллиард киловат (кВт/саат) көлөмүндөгү электр энергиясын экспорттогон. Ал эми, ошол эле жылы башка коңшу өлкөлөргө электр энергиясын сатуудан 56,4 миллион доллардан ашык киреше алган.

Өткөн 2020-жылы жалпысынан өлкөдө 19,7 миллиард киловатттан (кВт/саат) ашык электр энергиясы өндүрүлгөн. Атап айтканда, гидро электро станциялары (ГЭС) тарабынан 18,1 миллиард киловаттан (кВт/саат) ашык электр энергиясы иштелип чыккан. Жылуулук электр  борборлору (ЖЭБ) тарабынан 1,6 миллиард киловатт (кВт/саат)  электр энергиясын өндүргөн.

http://avesta.tj/2021/01/27/tadzhikistan-planiruet-uvelichit-postavki-elektroenergii-v-afganistan/