04.02.21

Тажикcтан өкмөтү “Түркмөнстан-Афганистан-Тажикстан (ТАТ)” темир жолунун өзүн аймагы аркылуу өткөн бөлүгүн курууга ниеттенүүдө. Долбоорду ишке ашыруу үчүн өлкөгө 128 миллион доллар талап кылынат. Бул тууралуу, Тажикстандын Транспорт министри Азим Иброхим 3-февраль күнү билдирди.

Транспорт министри Азим Иброхимдин айтымында, Тажикстан  өкмөтү Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ)  жана  Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен тийиштүү каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштагандыгын белгилеп өттү. Буга чейин, темир жолдун долбоору өкмөттүк комиссия тарабынан жактырылган болучу. “Түркмөнстан-Афганистан-Тажикстан (ТАТ)”  темир жолунун, Тажикстандын аймагынан өтүүчү тилкеси, аталган өлкөнүн Жалолиддин Балхи жана Пянж  аймактары аркылуу өтөт. Андан соң, темир жол Афганистандын Кундуз шаары менен байланышат.

Эскерте кетсек, Түркмөнстан, Тажикстан жана Афганистандын президенттери бул темир жолунун курулушун, 2013-жылы макулдашышкан болучу. Үч жылдан кийин,  “Атамырат-Ымамназар (Түркмөнстан)  - Акина (Афганистан)” унаа жолунун биринчи этабы ишке берилген.

 2021-жылдын январь айынын ортосунда “Түркмөнстан-Афганистан-Тажикстан (ТАТ)” темир жолунун дагы бир бөлүгү болуп эсептелген, узундугу 30 чакырымды түзгөн “Акина-Андхой” (Афганистан) тилкеси,  Түркмөнстандын өкмөтүнүн эсебинен курулуп бүткөрүлгөн.

https://centralasia.news/8500-tadzhikistan-nameren-dostroit-zheleznuju-dorogu-do-afganistana.html