03.02.21

Тажикстанда 28 даана мунай жана газдын кени официалдуу түрдө мамлекет тарабынан каттоого алынды. Бул тууралуу, Тажикстандын “Тажикглавгеология” башкармалыгынын төрөагасы Алимахмуд Ализода, шаршемби күнү болуп өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, катталган кендердеги мунайдын запасы 2,2 миллион тонна, ал эми газдын запасы 3,4 миллиард кубометрди түзөт.

Мындан тышкары, өлкө боюнча 40 даана жаңы аныкталган алтындын кендери табылган. Алимахмуд Ализода: “Алтындын корун аныктоо боюнча геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатат, андан кийин алар мамлекеттин балансына өткөрүлөт”, - деп билдирди.

“Тажикглавгеология” башкармалыгынын маалыматы боюнча, республиканын беш аймагында, жеке адамдар (юридикалык жактар) тарабынан алтын казып алуу үчүн ошол чөлкөмдөрдө жайгашкан алтын кендеринин картасы иштелип чыккан.

http://avesta.tj/2021/02/03/v-tadzhikistane-zaregistrirovano-28-mestorozhdenij-nefti-i-gaza