09.02.21

Тажикстандын Хатлон облусуна караштуу Дангара районунда, Борбордук Азияда  эң ири тоок этин өндүрүүчү фабрикасынын курулуш иштери аягына чыгуу алдында турат. Бул тууралуу, Тажикстандын Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тоок фабрикасынын пайдаланууга ушул жылдын март айында, Нооруз майрамын белгилөө учурунда берилиши пландаштырылууда. Ал Тажикстандагы гана эмес, бүткүл Борбордук Азиядагы эң ири тоок фабрикасы болуп калат.

Фабрика 26 цехтен туруп, өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5,5 миң тонна тоок этин өндүрүүгө жөндөмдүү болот.

Өндүрүштүк шаймандар Түркиядан сатылып алынган.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылы Тажикстанда 983 миллион даана жумуртка өндүрүлгөн. Калктын тооктун жумурткасына болгон муктаждыгын толук канааттандыруу үчүн 1,1 даана миллиард жумуртка өндүрүү керек.

Тажикстандын Айыл чарба министри Сулаймон Зиёзода журналисттерге маалымат берип жатып: “Биз өлкө калкын тооктун жумурткасы менен камсыз кылып  гана чектелбестен, жумуртканы чет өлкөлөргө экспорттоого жетишүү максатын койдук. Буга байланыштуу, быйыл Хатлон облусунда дагы 11 даана тоок фабрикаларын куруу пландалууда”, - деп билдирди.

http://avesta.tj/2021/02/09/v-dangare-postroyat-ptitsefabriku-krupnejshuyu-v-srednej-azii/