6.03.2021

Тажикстандын түштүгүндө жайгашкан Хатлон облусуна караштуу Джайхун районунда, жаңы агроөнөр жай комплекси ачылды. Бул тууралуу,  Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, агроөнөр жай комплексинин ачылыш аземине, Тажикстандын Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Абдурахмон Абдурахмонзода жана “ПРООН” уюмунун Тажикстандагы жетекчиси Пратиба Мехта айым катышты.

Агроөнөр жай комплекси Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) өнүктүрүү программасынын жардамы менен Тажикстандын  эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына карата ишке ашырылган долбоору болуп эсептелет.

Джайхун районунда курулган агроөнөр жай комплекси муздаткыч камерадан, жемиштерди кургатуучу кампалардан жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү цехтерден турат.

Жаңы комплекстин ачылыш аземинин алкагында, Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары Абдурахмон Абдурахмонзода, жооптуу кызматкерлер менен биргеликте, “Тажикстандын 2016-2020-жылдар аралыгында товар жүгүртүүсүн өнүктүрүү” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

Көрүшмө учурунда, стратегиялык мамлекеттик программалар жана долбоорлор калктын жашоо шартын жакшыртууга, чек ара аймактарында сооданы өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө багытталгандыгы белгиленди.

http://avesta.tj/2021/03/06/na-yuge-tadzhikistana-otkrylsya-novyj-agropromyshlennyj-kompleks/