15.03.21

Тажикстан жана Казакстандын тиешелүү органдарынын биргелешкен жумушчу тобунун отуруму болуп, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана товарлардын түрлөрүн өз ара көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу,  “Авеста” маалымат  агенттиги билдирди.

Тажикстандын делегациясын  Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары Абдурахмон Абдурахмонзода жана Казакстан тараптын жумушчу тобун Соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төребаев жетектешти.

Тажикстандын Экономикалык өнүгүү министрлигинин басма сөз борборунун билдиришинче, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара сооданы арттыруу, анын ичинде эки өлкөнүн ортосунда жүгүртүлүп жаткан товарлардын түрлөрүн көбөйтүү боюнча бир катар маселелерди талкуулашты.

Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары Абдурахмон Абдурахмонзода,   эки  өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеп өттү. Анын айтымында, 2020-жылы Казакстан менен өз ара тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 909,8 миллион долларды түзгөндүгүн жана дүйнөдөгү пандемия кырдаалына байланыштуу 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47,8 миллион долларга же 5% пайызга кыскаргандыгын билдирди.

Пандемияга байланыштуу товар жүгүртүүнүн кыскаргандыгына карабастан, Казакстан Тажикстандын тышкы соода алаксын жасаган  мамлекеттердин арасында  2-орунда турат.

Тараптар мындан тышкары, Тажикстандын аймагында биргелешкен ишканаларды жана дүң соода борборлорун түзүү маселесин көтөрүштү.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы кызматташтыкты чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

http://kabar.kg/news/tadzhikistan-i-kazakhstan-obsudili-voprosy-uvelicheniia-tovarooborota/