24.03.21

Ташкент шаарынын Туризмди өнүктүрүү департаментинин директору Санжар Таджиев 24-март күнү, Душанбе шаарында Тажикстандын туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу “uzdaily.uz” интернет сайты жазып чыкты.

Жолугушууга Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Туризмди өнүктүрүү комитетинин башчысынын орун басары Фаррухруз Иззатуллозода жана бир катар туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар борбор шаарлардын ортосундагы туристтик мамилелерди өнүктүрүү жана бул жаатта бир катар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

Тактап айтканда, коронавирус пандемиясына байланыштуу тобокелдиктердин азайышын эске алуу менен Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары үчүн жашыл коридор ачуу, эки өлкөнүн ортосунда каттаган маршруттук автобустар үчүн чек арадан өтүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштар айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ташкент жана Душанбе шаарларынын туристтик агенттиктеринин катышуусунда видеоконференция форматында көрүшмөлөрдү  өткөрүү боюнча келишим түзүлдү.

https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20210324/tashkent-i-dushanbe-dogovorilis-sotrudnichat-v-sfere-turizma