13.04.21

Тажикстандын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабировдун айтымында, Тажикстан Орто Азияда эң бай жаратылыш ресурстары бар өлкө болуп саналат. Бул тууралуу ал  “Народная газета” газетасына интервю берип жатып билдирди. 

Өнөр жай министринин айтымында, өлкө аймагында 600 ашуун тоо кендерине чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле  жүздөн ашык кендер иштетилип, андан минералдык чийки заттын элүүдөн ашык түрү казылып алынуунда.

Шерали Кабиров белгилегендей өнөр жай тармагын тездик менен өнүктүрүүнүн программасына ылайык, өлкөдө баалуу металлдарды өндүрүүнү кескин көбөйтүү пландаштырылууда.

Мисалы, Зеравшан өрөөнүндө “Чоре” жана “Дуоба”  алтын кендерин иштетүү үчүн  даярдыктар көрүлүүдө. Мындан тышкары, өлкөнүн түндүгүндө жана түштүгүндө жайгашкан алтын кендериндеги запастарды эсептөө менен деталдуу геологиялык чалгындоо иштери  жүргүзүлүүдө. Шерали Кабиров Тажикстан Борбор Азиядагы эң ири күмүш кенинин запасына ээ экендигин баса белгиледи.

Министрдин айтымында, дагы эки күмүш кендери Памир аймагындагы “Акджилгин” жана “Тарор” алтын кенинин жанында жайгашкан “Мирханцкий” күмүш кендеринде, алдын ала изилдөө иштери жүрүп жатат. Бул кендерди иштетүү, өлкөгө күмүш өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлөөгө мүмкүнчүлүк бермекчи. Өнөр жай министрлигинин башчысы Согди облусунун Пенжикент районунда жайгашкан “Тарор” алтын кенин өлкөнүн  эң ири келечектүү ресурстук базасы деп атады. Ал белгилегендей, ушул 2021-жылдын аягына чейин, Тажикстанда 103 даана  жаңы өнөр жай ишканалары жана 139 даана цехтерди түзүү пландаштырылууда. Министр азыркы учурда, жалпы өлкө боюнча 2,274 өнөр жай ишканалары катталганын  белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, Шерали Кабиров  өткөн 2020-жылы берген маалымат жыйынынын жүрүшүндө, өлкөдө 6,500 ашуун жумуш орундары түзүлүп, 300 даана жаңы өнөр жай ишканалары жана цехтер пайдаланууга берилгенин айткан болучу.

https://www.asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/economic/20210413/sherali-kabir-tadzhikistan-zanimaet-vedutshee-mesto-v-mire-po-zapasam-mnogih-mineralov