17.04.21

Тажикстандын Транспорт министри Азим Иброхим Кытайдын “Hunan Road & Bridge Construction Group Company Limited” компаниясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Луи Фей мырза менен “Обигарм – Нуробод” унаа жолунун биринчи этабын куруу боюнча келишимге кол коюшту.

Бул тууралуу, Тажикстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жолду курууда  алгач калктуу конуштар аркылуу өткөн узундугу 30,2 чакырым жолго асфальт төшөлөт жана узундугу 1,6 километр жана 1,7 чакырым болгон эки тоннелди куруу, ошондой эле беш жаңы көпүрө куруу жана эски көпүрөлөрдү реконструкциялоо иштери камтылган.

Транспорт министри Азим Иброхим, Тажикстан менен Кытайдын ортосунда кызматташтык бекемделгендигин жана келечекте дагы мындай иштер улантылаарын белгилеп өттү.

Кытайдын “Hunan Road & Bridge Construction Group Company Limited” компаниясынын  өкүлү алар куруп жаткан унаа жолдун курулуш иштери өз убагында жана жогорку сапатта жасала тургандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, долбоорго жалпысынан 178,1 миллион доллар акча каражаты бөлүнмөкчү. Жолдун курулушун  каржылоого  Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) 110 миллион (гранттык түрдө)  доллар,  “ОПЕК” фондусу  40 миллион доллар жана  Тажикстандын өкмөтү 28,1 миллион доллар акча каражатын бөлүп бермекчи.

https://centralasia.news/9320-kitaj-zajmetsja-stroitelstvom-tonnelej-i-dorog-v-tadzhikistane.html