22.04.21

Тажикстандын тышкы соода жүгүртүүсүндө, Казакстан Россияны экинчи орунга калтырып биринчи соода өнөктөшүнө айланды. Көп жылдар бою КМШ өлкөлөрүнүн ичинен, Тажикстандын тышкы соода жүгүртүүсүндө  Россия биринчи орунду ээлеп келген.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча, Казакстан Россияны арттка калтырып, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстандын тышкы соода жүгүртүүсүндө алдыңкы орунду ээледи.

Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын үч айында, Тажикстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 6,8% пайызга жогорулап, 271,3 миллион доллардан ашкан. Ал эми Россия менен болгон соода жүгүртүү 14,1% пайызга  төмөндөө менен 223,5 миллион долларды түзгөн.

Тажикстан Казакстандан негизинен күйүүчү-майлоочу майлары, дан азыктары, ун, ошондой эле өсүмдүк майы сыяктуу продуктуларды сатып алат.

http://avesta.tj/2021/04/22/kazahstan-otodvinul-rossiyu-vo-vneshnetorgovom-oborote-tadzhikistana/