23.04.21

Тажикстан жана Өзбекстандын Транспорт министрликтеринин өкүлдөрү 22-апрель күнү, Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүштү. Тараптар эки өлкө ортосундагы транспорт тармагында кызматташууну өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу “Авеста” маалымат агенттиги билдирди.

Жолугушууга Тажикстан жана Өзбекстандын Транспорт министрликтеринин делегациясынан тышкары, Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин, Чек ара аскерлеринин жана Бажы кызматынын өкүлдөрү катышты.

Тараптар эл аралык автомобиль жолу менен товар ташууга байланышкан маселелер, “Өзбекстан - Тажикстан - Кытай” транспорттук коридорун өнүктүрүү жана “Хаштяк - Бекобод” чек ара өтмөгүн калыбына келтирүүгө байланышкан эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

“Бекабад” (Өзбекстан) Спитмаен-Истиклол (Тажикстан) темир жол бөлүгүн электрлештирүү, Пенджикент (Тажикстан) – Булунгу-Джамбой (Өзбекстан) тилкесинде жаңы темир жолдун курулушу жана “Бекабад-Истиклол”  тилкесинде транзиттик ташуунун көбөйтүү жана башка маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда автомобиль жана темир жол транспорту жаатындагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен иш чараларды жүргүзүү максатында тараптар тиешелүү протоколдорго кол коюшту.

http://avesta.tj/2021/04/23/tadzhikistan-i-uzbekistan-obsudili-stroitelstvo-novoj-zheleznoj-dorogi/