22.04.21

Тажикстан өзүнүн Хожент шаарында, коңшу Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрү менен соода борборун түзүүнү пландоодо. Соода борборун ачуу “Чымкент-Ташкент-Хожент” экономикалык коридорун түзүү боюнча долбоорунун алкагында сунушталууда. Бул тууралуу, “Азия Плюс” маалымат агенттиги билдирди.

Тажикстан Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Чымкент, (Казакстан), Ташкент (Өзбекстан), Хожент (Тажикстан) шаарларынын ортосунда жаңы экономикалык коридор түзүү демилгесинин алкагында, үч өлкөнүн ортосунда регионалдык логистика жана соода борборун түзүүнү сунуштаган болучу.

Долбоордун максаты Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосундагы сооданы жандандырууга багытталган.

Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин билдиришинче, бул долбоор чек арадагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чек арага жакын жайгашкан аймактарда соода-логистикалык кызматтарды өнүктүрүүгө салым кошот деп эсептейт.

Жакында Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ)  тарабынан долбоорду  ишке ашыруу үчүн  “Жол картасы” жарыяланган болучу. Аны түзүү үчүн аталган банк 800 миң доллары өлчөмүндө техникалык жардам көрсөткөн.

 Акыркы жылдары, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик 6 эсеге өскөн. 2017-жылы сооданын көлөмү 81,8 миллион доллар болсо, 2019-жылы 470,6 миллион долларга жеткен.

Жол картасында, Тажикстан жана Өзбекстан жакынкы келечекте эки тараптуу соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатканы айтылат.

Бул үч өлкөнүн транзиттик сооданы жеңилдетүү аркылуу башка өлкөлөргө өз товарларын жана кызмат көрсөтүүнү экспорттоону көбөйтүүгө кызыкчылыктары дагы бар  экендиги белгиленет жол картасында.

Трансулуттук экономикалык коридорлорду түзүү (ТНЭК)      Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан үчүн бири-бири менен жана бүткүл дүйнө менен экономикалык интеграциясын тереңдетүүдө абдан пайдалуу болушу мүмкүн экендиги да белгиленет жол картасында

http://kabar.kg/news/v-tadzhikskom-khudzhande-khotiat-sozdat-tcentr-dlia-razvitiia-torgovli-s-uzbekistanom-i-kazakhstanom/