26.04.21

Россиянын Тажикстандагы соода өкүлү Евгений Коренков 24-апрель күнү Евразия өнүктүрүү банкынын Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Николай Никулин менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Россия Тажикстанга жогорку технологиялык жабдууларды берүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирген. Бул тууралуу, Евразия өнүктүрүү банкынын басма сөз кызматы билдирди.

Евгений  Коренков Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлүнө, Тажикстанда инфраструктурага байланышкан бир нече ири долбоорлорду каржылоого  катышууга чакырды. Өзгөчө  саламаттыкты сактоо тармагы үчүн Тажикстанга Россияда жасалган заманбап техникалык жабдууларды жеткирүүгө багытталган, бир катар долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуш кылды.

Көрүшмөнүн негизги максаты, Тажикстандын экономикалык потенциалын кеңейтүүгө болгон инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аталган банктын финансылык жактан салым кошуусуна өзгөчө көңүл бурулду.

Евгений  Коренковдун айтымында, учурда Россия тарап Тажикстандын темир жолу үчүн 1000 даана жүк ташуучу жана 100 даана жүргүнчү ташуучу вагондорун жеткирип берүү мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Коренков Россиянын Тажикстандын Рогун гидроэлектро станциясынын (ГЭС) курулушун аяктоого керектүү болгон жабдуулар турбиналар, жана генераторлорду жеткирүү жана курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү аркылуу жардам бере тургандыгын  айткан болучу.

https://centralasia.news/9420-rossija-nachnet-postavljat-v-tadzhikistan-peredovoe-oborudovanie.html