18.05.21

Тажикстандын борбору Душанбе шаарында 17-май күнү ишкерлердин форуму болуп өттү. Ага жергиликтүү жана Казакстандык ишкерлер катышты. Форумдун алкагында ири келишимдерге кол коюлду, алардын жалпы суммасы дээрлик 80 миллион долларды түздү. Бул тууралуу, “Ховар” мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Иш-чара Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Тажикстанга расмий иш сапары менен келээр алдында уюштурулган. Эки өлкөнүн ишкерлери үчүн уюштурулган форумга 100 ашык Тажикстандын жана 15 Казакстандын компаниялары катышты.

Форумдун  алкагында, Казакстанга таандык “QazTrade” соода саясатын өнүктүрүү борбору жана Тажикстандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда 70 миллион долларга бааланган кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Мындан тышкары, Казакстандык “Локомотив Карастыру” акционердик коому жана Тажикстандын мамлекеттик жүк ташуучу “Тажик темир жолу” компаниясынын ортосунда 7,9 миллион долларга бааланган эки тепловоз сатып алуу  боюнча келишимге кол коюшту.

Эскерте кетсек, 2020-жылы өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 909,8 миллион долларды түзгөн.

https://sng.today/dushanbe/17078-predprinimateli-tadzhikistana-i-kazahstana-podpisali-rjad-dokumentov.html