CA-NEWS (TJ) - Өзбекстанга чектеш Согди облусунун Ашт районуна кышкы сугат суу менен камсыз кылуу башталганын Азия-Плюс агенттиги жазып чыкты. Бул тууралуу Ашт районунун  төрагасы Захир Мирдад 2017- жылды жыйынтыктоо басма сөз жыйынында айтты.

"Суу азыр Түндүк Фергана каналынан бизге келет. Биз биргелешип кошуна республика менен каналды 6 км аралыка чейин тазалап - өзбек тарап күйүүчү май менен биз машина менен камсыз кылдык", - деп билдирди Захир Мирдад.

Анын айтымында, суу Ашта жергесине 2017-жылдын акырынан бери келип жатат жана ушул убака чейин 5 метр куб суу алынды.