06.10.21

Тажикстандын Түркиядагы дипломатиялык өкүлүчүлүгүнүн жетекчиси Ашрафжон Гулов, Түркиянын Өнөр жай жана технология министрлигинин башчысы Четин Али Донмез менен жолугушту.

 Жолугушуунун жүрүшүндө, эки өлкөнүн ортосундагы экономика жана өзгөчө өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн перспективалары каралды. Бул тууралуу, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көрүшмө учурунда тараптар, өзгөчө соода жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн чоң потенциалы бар экендиги белгилешти. Ашрафжон Гулов Түркиялык ишкерлерди жана инвесторлорду Тажикстандагы артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорго катышууга чакырып өттү.

Белгилей кетсек, 14-октябрь күнү, Душанбе шаарында “Душанбе-инвест 2021” аттуу ири эл аралык деңгээлдеги форуму болмокчу. Иш чарага ата мекендик жана чет өлкөлүк ишкерлер,  эксперттер жана журналисттер катышмакчы. Форумдун негизги максаты, өлкөгө инвестиция тартуу болуп саналат. Форумда Тажикстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлүп, өлкөгө инвестиция тартуу процесси активдештирилмекчи.

https://centralasia.news/11642-tadzhikistan-priglasil-tureckih-biznesmenov-uchastvovat-v-invest-forume.html