13.10.21

Түркиянын Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Түркия-Тажикстан биргелешкен экономикалык комиссиясынын (KEK) 11-жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, эки тарап бир катар маанилүү маселелерди талкуулашкандыгын билдирди.

Бизнес форумда Түркиялык жана Тажикстандын ишкерлери менен жолугуп, учурдагы абалды жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкандыгын белгилеген Варанк, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен да жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун айтты.

Эки өлкөнүн президенттери 1 миллиард долларлык соода жүгүртүүгө жетүүнү максатын коюшкандыгына көңүл бурган Варанк: “Дүйнөлүк эпидемия биздин элдердин жыргалчылыгын камсыздоонун жолу атаандаштык аркылуу эмес, өз ара кызматташтыкты түзүү аркылуу экенин көрсөттү” - деп белгилеп өттү.

Түркия менен Тажикстандын буга жетишүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгилеген Варанк, эпидемиялык шарттарга карабастан, соода көлөмүнүн 2020-жылы 17 пайызга өсүп 323 миллион долларга жеткенин билдирди.

Бул көрсөткүчтөр эки өлкөнүн соода потенциалынан өтө төмөн экенин жана президенттер койгон максаттарды эске салган Варанк, жолугушуудан соң оң натыйжалар чыгып алдыга жылуулар болооруна ишенерин белгиледи.

ТҮРКИЯНЫН ТАЖРЫЙБАСЫНАН ПАЙДАЛАНУУНУ КААЛАЙБЫЗ

Тажикстандын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабир өз кезегинде, эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелеринин маанилүү экенине токтолуп өттү.

Эки өлкөнүн экономикалык жана соода карым-катнаштарын өнүктүрүүгө да даяр экенин белгилеген Шерали Кабир, колдо бар потенциалдарды колдонуу менен коюлган максаттарга жетүүгө мүмкүн болоорун билдирди.

Шерали Кабирдин акыркы жылдары, Түркиянын өнөр жай жана технология жаатында маанилүү кадамдарды таштап, ири экспортчуга айланганын белгилеп,  Түркиянын бул тармактардагы тажрыйбасынан пайдаланууну каалай тургандыктарын белгилеп өттү.

Көрүшмөнүн соңунда, Түркия жана Тажикстан ортосунда Биргелешкен экономикалык комиссиясынын (KEK) 11-жыйынын протоколуна кол коюлду.

https://www.turmush.kg/ru/news:1736381?from=portal&place=last&b=5