CA-NEWS (TJ) - 2017-жылы үч миңден ашык тажикстандык окуу үчүн Орусияга кеткен. Муну Душанбеде өткөн орус дипломатиясынын күнүнө арналган иш-чарада орус элчиси Игор Лякин-Фролов билдирди.

Ал Тажикстанда жогорку билимди РФ нан алууга, орус тилине, орус маданиятына болгон жогорку кызыкчылыктын сакталып келе жаткандыгын белгиледи.

"2017-жылы Россия ЖОЖдорунда окуганы кеткен  жаш тажикстандыктардын саны 3 миңден ашкан. Учурда  россиялык ЖОЖдордо 20 миңдин тегерегинде Тажикстандан келген студенттер окуйт. Алардын 8 миңи орус тилннде Орус-Тажик славян университетинде  жана россиялык MМУ, МИСиС, МЭИ ЖОЖдорунун филиалдарында билим алат ", - деди элчи.

Анын айтымында, 2017-жылы Россия тажик өнөктөштөрдүн суранычына ылайык, жергиликтүү мектептерде сабак берүү үчүн 28 предметтик мугалимдерден турган топту багыттоо боюнча долбоорду ишке киргизүүнү баштады. Бул боюнча Спутник-Тажикстан билдирди.

Өз кезегинде, Тажикстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары  Низомиддин Захиди  Тажикстан жана Россия ортосундагы он жылдыктар ичинде калыптанган достук жана ынак мамилени – “Эки тараптуу мамлекеттер аралык мамилелердин уникалдуу үлгүсү" деп атады.

"Орусия менен болгон көп кырдуу кызматташтыкты куруу Тажикстандын тышкы саясатынын негизги багыттарынын бири бойдон калууда. Биздин мамилелер өз ара ишенимдин, сый-урмат жана өз ара түшүнүүнүн негизинде стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлине жетти", - деп кошумчалады ал.