CA-NEWS (TJ) - 2017-жылы Тажикстан жалпы гуманитардык жардамдын 1/3 бөлүгүн Кытай өлкөсү тарабынан берилген.

Статистика агенттигине таянуу менен, “Авеста” басылмасынын маалыматы боюнча, Тажикстан үчүн жакынкы жана алыскы 58 өлкөлөрдөн 73,6 млн. доллардан ашкан гуманитардык жардам берилген. Ал эми товар көлөмү 24,3 миң тоннаны түзгөн. Алар: ун, тамак-майы, дары-дармектер, медициналык багыттагы буюмдар жана башкалардан турат.

Гуманитардык жардам көрсөткөн донор өлкөлөрдүн алдыңкы катарында: Кытайдын - 32,2%, Россияда - 18,6%, Сербия - 11,7%, Индияда - 6,9% жана башка өлкөлөр бар.

Кытай, Тажикстан экономикасына салым кошуу боюнча да  биринчилерден болуп көрсөтүлөт. Жалпы Кытай насыясынын суммасы 1 млрд 209.6 млн. доллардан ашып, тышкы карыздын 35% теңдешип калган.