CA-NEWS (UZ) -Тажик алюминий компаниясынын (ТАЛКО) жетекчилери технологиялык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн Өзбекстандан жаратылыш газын сатып алуу боюнча планын расмий түрдө жарыялады.

Жалпы суммасы 15 млн долларга жеткен бүтүм тууралуу TAЛКOнун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлдөрү жергиликтүү медиа журналисттерге кабарлашты.

 Үстүбүздөгү жыл Тажикстан 126 млн "куб" сатып алат - бул алюминий заводунун  "көгүлтүр отко"  болгон керектөөсүнүн жалпы көлөмүнүн 30 пайызы. Бир миң "куб" базар баасына салыштырмалуу эки эсе төмөн  120 долларга туура келет.TAЛКOнун расмий өкүлдөрү көмүрдөн синтезделген газ өндүрүү заводунун бирдик  наркы Өзбекстандан келген газдын баасынын 70 пайызын түзөрүн белгилешти.Ошондой эле, компания кошуна мамлекеттен газ алып келүү үчүн ар кандай кошумча чыгымдарга кажет жок экенин кошумчалады. Анткени, 2012-жылдын апрелинде компания синтезделген газды колдонуу менен бышырылган анод өндүрө баштады. 9-мартта Дүйшөмбү шаарында тажик-өзбек ишкерлеринин биргелешкен форуму өтүп, анын алкагында TAЛКOнун жетекчилери өзбек түзүмдөрү менен бир катар макулдашууларга келишкен. Келишимдердинн жалпы суммасы 460 млн АКШ  долларын түзгөн.

Өзбекстан Республикасынын «Техно Кабель Групп» компаниясы TAЛКO менен тажик тарабынан 75 млн доллар өлчөмүндөгү алюминий зым алуу боюнча меморандумга кол коюлду. Экинчи документтин суммасы тогуз миллион долларга жетип, анын алкагында Тажикстан Өзбекстанды алюмин жана жез зымдары камсыз кылат.

«Блу Белл Глобал Венчер» менен TAЛКO Дүйшөмбүдө меморандумга кол коюшту, ага ылайык, Өзбекстан 52,5 млн долларлыкк көмүр, флюорит жана коагулянт алат.