CA-NEWS (TJ) – Тажикстандын Улуттук олимпиада комитетинин президентинин  орун басары Ахтам Абдуллозода бүгүн Душанбеде Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Умед Ахмаджанов менен жолугушту.

Жолугушуунун башында тараптар эки өлкөнүн мамлекет башчылары Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиеевдин саясий эрки менен эки кошуна өлкөнүн чек араларынын ачылышына кубанычтарын билдиришти.

“Биз өлкөлөрүбүздүн арасында бардык тармактарда, анын ичинде спорт чөйрөсүндө мамилелердин келишип жаткандыгына кубанычтабыз”,- деди Ахтам Абдуллозода.

“Кээ бир спорттун түрлөрү Тажикстанда, башка түрлөрү да Өзбекстанда өнүккөн, биз тараптардын тажрыйбаларын үйрөнүү менен өлкөлөрүбүздөгү массалык спортту жана олимпиадалык кыймылды өнүктүрө алабыз”,- деп кошумчалай кетти.

Өзбек тарап, өз кезегинде жакындан мамиле курууга даяр экендигин билдирди, анын ичинде спортчуларды даярдоо, эки өлкөнүн белгилүү машыктыруучуларынын катышуусунда мастер-класстарды өткөрүү.

Ошондой эле тажик спортчуларынын зарыл болгон учурда Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин алдындагы спорттук медицина борборунун кызматтарынан колдоно ала тургандыгы белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар спорт жана олимпмада кыймылы тармагындагы башка кызматташууларга да токтолушту.