Хожент шаарында Германиянын виза борбору ачылды. Эми шаардын жашоочулары жана коңшу шаарлардын тургундары 15 күндүн ичинде виза алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Германиянын Visa Application борборунун ачылыш аземинде Хожент шаарына жасаган жумушчу иш сапарынын алкагында элчи Германиянын  Тажикстан Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу Найтхарт Хёфер-Виссинг мырза жана элчиликтин  өкүлдөрү катышты.

"Германия Тажикстандын жарандары үчүн мүмкүн болушунча тезирээк жана көп акча каражатын коротпостон  виза алуусуна  кызыкдар. Хожент шаары жана аймактын тургундары кошумча чыгымдарсыз жакшы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жана убакытты үнөмдөө менен виза алууга болот "- деп белгилеп өттү элчи.

"Бул Борбордун ачылышы өзгөчө мааниге ээ, анын милдети туризм жана кол өнөрчүлүк жылында бул тармактарды өнүктүрүүгө чет өлкөлүк рынокторго чыгууга мүмкүндүк берет. Жеткиликтүү ишкерлер жана соодагерлер менен жарандарга өтө ыңгайлуу болуп саналат" – деп белгилеп өттү Хожент шаарынын төрагасынын орун басары Джамшед Абдукаюмзода.

15 жумушчу күндүн ичинде жарандар Германия жана Шенген зонасына кирген башка өлкөлөргө да ала алышат.