Анкарада 14-март  күнү Европа боюнча эң чоң оорукана ачылды. Ачылыш аземине Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, саламаттыкты сактоо  министри Фахреттин Коджи, элчилер жана 45 чет өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Daily Sabah агентигинин берген маалыматтына ылайык, Билкент оорукана комплексинде  3704 орун, 904 бөлмө, 674 орунга интенсивдүү терапия бөлүмү жана күнүнө 600дөн ашык операция жасала турган 131 хирургия бөлүмү бар. 

 Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин Фахриттин Коджи маалыматы боюнча, Билкент, Европанын эң чоң оорукана комплекси болот. Ал ошондой эле өзгөчө көңүл лабораториялык жана жаңы оорукананын хирургиялык бөлүмдөрүнүн колдонгон акыркы технологияларды комплекстүү ишке ашыруусуна бурулган деп белгиледи.

http://ca-news.org/news:1500615?from=portal&place=last&b=4