08.04.19.

Ушул жылдын февраль айында Борбордук Азиядан (Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан) 62 миң турист Түркияга барган.

Тренд кабар агенттиги Түркиянын маданият жана туризм министрлигинин маалыматына таянып, Борбордук Азиядан 60 000ден ашуун турист Түркияда эс алышканын билдирди.

Бул мезгил аралыгында, Түркияга Борбордук Азия мамлекеттеринен келген туристтердин көпчүлүгү Түркмөнстандан экендиги айтылат. "2019-жылдын февралында Туркменистандан келген туристтер өткөн жылга салыштырмалуу 28,1 пайызга жогору болгон жана 21,2 миң турист барган. Түркияга келген чет өлкөлүктөрдүн жалпы пайызынын 1,27син Түркмөн жарандары түзгөн.

 Мындан тышкары, Түркияга келген туристтердин саны боюнча Өзбекстан экинчи орунду ээледи. Бирок өткөн жылга салыштырмалуу, быйыл өзбек туристтеринин саны төмөндөдү. Быйылкы жылы Өзбекстандан 16 миң 600 турист барган, бул сан өткөн мезгилге салыштырмалуу 10,2 пайызга аз экени айтылат.

2019-жылдын февралында, Казакстандан Түркияга 15,5 миң турист барган. Бул 2018-жылга караганда, 13,2 пайызга көп. Чет өлкөлүктөрдүн жалпы пайызында Казакстан жарандарынын үлүшү 0,93 пайызды түзөт.

Кыргызстандан ушул жылы февраль айында барган туристтердин саны 8,7 миңди түзүп, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине караганда 6,4 пайызга көптүк кылат. Түркияга келген чет өлкөлүктөрдүн жалпы пайызында Кыргызстандын жарандарынын үлүшү 0,53 пайызды түздү.

http://kabar.kg/tur/news/orta-asyadan-60-binden-fazla-turist-ubatta-turkiyeyi-ziyaret-etti/