30.12.19

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган катышкан салтанаттуу кечеде, Түркияда эң алгачкы өндүрүлгөн жеңил унаалардын таанытуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу, Түркиянын “Анадолу кабар (АА)” агенттиги билдирди.

Түркиянын автомобиль өндүрүү бирикмесинин (TOGG) 2022-жылы баштала турган, жүз пайыз Түркиянын өзүндө өндүрүлгөн электр тогу менен жүрүүчү унаалары өндүрүлүп баштамакчы. Түркиянын Кожаэли шаарына караштуу Гебзе районунда жайгашкан “Билишим вадиси” аттуу технологиялык борборунда уюштурулган “Жаңычылдыкка сапар алуу” аталыштагы программа болуп, унаалар коомчулукка тааныштырылды.

Программага Түркия Республикасынын президенти, өкмөт мүчөлөрү, Түркиянын Соода палатасынын жана биржасынын (TOBB) өкүлдөрү жана Түркиянын Автомобиль өндүрүү бирикмесинин (TOGG) мүчөлөрү, соода тармагында эмгектенген ишкерлер жана басма сөз каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Программанын ачылышында сөз сүйлөгөн Президент Эрдоган, Түркиянын буга чейин 350 миңге жетпеген автомобиль өндүрүү потенциалы 1,5 миллионго жеткендигин белгилеп келип, андан түшкөн каражаттын көлөмү 32 миллиард долларга жеткендигин билдирген мамлекет башчысы: “Өлкөбүздүн эң алгачкы автомобиль кыймылдаткычын чыгарган заводдун куруу үчүн аракет кылган, индистриялдашуунун жактоочусу, маркум проф., доктор, Нежметтин Эрбакан агайыма ыраазычылыгымды билдирем. Бүгүн биздин өлкөбүз үчүн тарыхый күн. 60 жылдык эңсөөбүздүн иш жүзүнө ашышына биз күбө болуп отурабыз. Биздин кыялыбызда, бардык укуктары бизге тиешелүү болгон машина жасоону ишке ашырган адистерге чоң ыраазычылык билдирем.  Ошондой эле, улуттук технологиялык өндүрүшүбүз, дүйнөгө атыбызды тааныткан бир унаага ээ болду. Бул иш үчүн 100дөн ашык Түрк инженерлери күнү түнү үйүнөн, үй-бүлөсүнө убакыт бөлбөстөн эмгектеништи. Баардыгына чоң ыраазычылыгымды билдирем”-деп сөзүн аяктады.

Программанын жүрүшүндө Түркиянын Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк: “Түркиянын автомобиль өндүрүү бирикмесинин (TOGG) унаа өндүрүү иштерине тиешелүү болгон ‘Билишим вадиси’ аттуу технологиялык борбору, улуттук жаңы автомобиль өндүрүү технологиясынын борбору болуп калды” –деп билдирди.

Электр энергиясы менен жүрүүчү бул унаалардын сериялык өндүрүш иштери, Түркиянын Бурса шаарынын Гемлик районунда 4 миллион метр аянтка курула турган заводдо 2022-жылдан баштап, чыгарылып баштамакчы. Аларга: “SUV”, “SEDAN” жана “HATCHBACK” маркасындагы автоунаалары болмокчу. Жарым сааттык заряды менен 500 километр жол жүрүүгө жөндөмдүү болгон бул автоунааоардын батереясын 8 жылга чейин алмаштырбай айдап жүрүүгө болот. Түркия жергиликтүү өзү өндүргөн бул унааларды ички базарларда сатуудан тышкары, коңшу өлкөлөргө да сатууну мерчемдөөдө.

Эскерте кетсек, 1960-жылдын башында, Түркияда 5 айлык кыска мөөнөттүн ичинде тагыраагы, 1960-жылдын 29-ноябрь күнү жергиликтүү “Деврим” аттуу жүз пайыз Түркияда жасалган 4 даана автомобиль жасалган. Бирок, ар кандай тоскоолдуктардан улам, ошол мезгилдеги Түркия Республикасынын Президенти Жемал Гүрсел тарабынан бул автомобилдер сериялык өндүрүшкө алынган эмес.

https://www.aa.com.tr/tr/turkiye/turkiyenin-otomobili-gorucuye-cikti/1685402