02.01.20

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Жеңиз Камил Фырат мырза, Түркия жана Кыргызстандын ортосундагы алакалар тууралуу журналистерге маалымат берди.

Жеңиз Камил Фырат мырзанын айтымында, Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA) тарабынан 2017-жылы Бишкек шаарында курулган  Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасы 2020-жылы ачылмакчы.

Оорукананын курулуш иштери толугу менен аягына чыккандыгын билдирген элчи мырза: “Оорукананы ишке киришүүсү үчүн түзүлгөн келишим азыркы учурда, Түркиянын Жогорку Улуттук Межлиси (TBMM) тарабынан жактырылышы күтүлүүдө. Андан соң, Түркиянын президенти тарабынан кол коюлары менен оорукана иштеп баштамакчы”- деп билдирди.

Мындан тышкары, элчи Жеңиз Камил Фырат мырза, Түркиянын Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына дайыма инвестиция салып келгендигин белгилеп келип: “Түркия Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы буга чейин жасап келген жардамын  дагы улантат. Келаткан жылы, Кыргызстандын дагы башка аймактарында поликлиникаларды курууга ниеттенип турабыз. Өзгөчө, Түркиядан тажрыйбалуу докторлорду  Кыргызстанга алып келүүнү пландап жатабыз”-деп билдирип өттү.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координаторлугу тарабынан Бишкек шаарында курулган 51 орундуу Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасы  лабораториялык борборлордон, эки операция жасоочу, үч реанимациялык жана  сыркоолорду текшерүүчү бөлүмдөрүнөн турат.

https://www.aa.com.tr/tr/dunya/kirgiz-turk-dostluk-hastanesi-2020de-acilacak-/1688797