17.01.20

Казакстандын Улуттук экономика минстирлигинин алдындагы статистика комитетинин билдиришинче, 2019-жылдын 1-декабрынан тарта өлкөдө 3 миң 453 фирма катталган болсо, анын 1,939 Түркиялык капиталдын эсебинен курулган фирмалар болуп эсептелет.

 Бул фирмалардын 1884 чакан, 33 орто жана 22 ири болуп эсептелет. Түрк фирмаларынын 467 курулуш, 650 дүң жана чекене түрүндө товарларды сатуу, 124 мейманкана жана тамактануу, 190 өндүрүш тармагында кызмат көрсөтүшөт. Ал эми, 508 түрк фирмалары Казакстандын айыл чарба, кен казуу, транспорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маалымат жана байланыш, камсыздандыруу жана кыймылсыз мүлк тармактарында эмгектенишет.

Эскерте кетсек, Казакстан жана Түркиянын ортосундагы соода байланыштары, өткөн 2019-жылдын 10 айында 2018-жылга салыштырмалуу 54% пайызга жогорулап 2 миллиард 554 миллион долларга жеткен.

https://www.turanhaberajansi.org/haber/1110/kazakistandaki-turk-firmalarinin-sayisi-2-bine-dayandi.html