19.02.20

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Бурса шаарына иш сапары болуп ѳттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапары 2020-жылдын 13-14-февралында болуп, анын алкагында элчи К.Өмүралиев Бурса аймагынын губернатору Якуп Жанболат менен жолугушту. Көрүшмө учурунда Кыргызстан менен Бурса аймагынын ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну арттыруу зарылчылыгы белгиленди.

Тараптар Бурса аймагынын Изник шаарында 2020-жылдын сентябрь айында өтө турган, Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык маселесин талкуулады.

Элчи К.Өмүралиев, Кыргызстанда мурда үч жолу өткөн көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө кыргыз тарап даяр экендигин билдирди.

Элчи К.Өмүралиев эки бир тууган элдин ортосунда маданий жана тарыхый көпүрө болгон “Кыргыздар күмбөзү” мемориалы жайгашкан Изник шаарында көчмөндөр оюндарын өткөрүү символдуу экендигин билдирди. Губернатор Я.Жанболат Изник шаары жөнүндө туристик китепчелерге “Кыргыздар күмбөзү” тууралуу кошумча маалыматтар киргизиле тургандыгын билдирди.

Изник шаарына болгон иш сапарда, Элчи К.Өмуралиев Изник шаарынын мэри Мехмет Уста менен жолугушуп, Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган аянтча менен таанышып чыгышты. Шаардын мэри Мехмет Уста көчмөндөр оюндары үчүн зарыл болгон объекттерди курууга 20 гектар аянт бөлүнө турганын билдирди.

http://kg.kabar.kg/news/elchi-m-raliev-t-rkiianyn-bursa-shaarynda-ish-sapary-menen-boldu/