25.03.20

Түркия “Кыргыз-Түрк достугу ооруканасын” коронавируска каршы күрөштө пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берди.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, коронавирус (COVID-19) эпидемиясына каршы глобалдык күрөштүн жүрүшүндө мамлекеттер ортосундагы өз ара бири-бирин колдоолор абдан маанилүү экендиги баса белгилеген. Түркия элчилиги тараткан маалыматта: “Акыркы убакта коронавирус (COVID-19) эпидемиясына байланыштуу кырдаалга жараша, Бишкек шаарында курулган «Кыргыз-Түрк достугу ооруканасын» биз коронавирус (COVID-19) эпидемиясына каршы күрөшүүдө пайдалануу үчүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп бердик. Кыргызстандык бир туугандарыбызга ден-соолук жана тынчтык каалайбыз” - деп айтылат билдирүүдө.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координаторлугунун көмөгү менен бул жылдын ичинде курулган оорукана, заманбап медициналык технологиялар менен жабдылган.

https://kyrtag.kg/ru/news/turtsiya-peredala-bolnitsu-v-bishkeke-dlya-ispolzovaniya-v-borbe-s-koronavirusom